Жаңылыктар
Манас аэропортунда “электрондук дарбаза” системасы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Манас аэропортунда “электрондук дарбаза” системасы ачылды

Биометрикалык паспорт аркылуу гана тааныган “Биометрикалык паспорт аркылуу гана тааныган “электрондук дарбаза” системасын биринчилерден болуп премьер-министр Сапар Исаков өзү байкап көрдү. Өкмөт башчы адегенде жаранды таануучу жабдууга биометрикалык паспортун койду, сүрөтү менен манжаларынын изин тааныган соң дарбаза ачылды. Бул болгону саналуу секунддук убакытты алды.

 Жарандар эми электрондук системаны колдоно баштайт. Бул жабдуулар жарандарды эки баскычта тааныйт. “Электрондук дарбазанын” өзгөчөлүгү чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөрүбүз паспорт жана чек ара көзөмөлүн электрондүк түрдө кыйналбай ылдам өтө алышат. Болгону жарандарыбызда биометрикалык паспорт болушу кажет. Мындай системанынын ишке кириши чек ара кызматынын жумушун жеңилдетет, мурдагыдай жарым саат эмес ылдам тейлейт, экинчи жагы жарандар чек арачы менен байланышта болбой коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлат.

Өкмөт башчы электрондук дарбазынын ишке киришине өзгөчө ыраазы болду. Айтымында мындай чаралар мекендештерибизге учуп-конууда ыңгайлуулук жаратып, сырттан келгенде каттоого алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртат. 

Жакынкы мезгилде ушундай эле система Ош аэропортунда да орнотулат. Келечекте мындай жаңы электрондук түзүмдү чет мамлекеттин жарандарын да таанууга орнотулат. “Электрондук дарбаза” системасы “Таза Коом” программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Дастан Догоевдин айтуусунда жыл аягына чейин биометрикалык паспортторду акысыз берүү жүрүп жатат. Айтымында 500 миңден ашык жараныбыз жаңы үлгүдөгү биометрикалык айди карталарды алышты. 1-январдан тартып мындай картанын баасы 320 сом болот.

Чек ара кызматынын төрагасы “Бул деген электрондук текшерүүнүн өзгөчөлүгү чек арачы текшербестен Кыргызстандын жарандары бөлөк мамлекеттен келген 2017-жылкы үлгүдөгү айди картасы же биомтерикалык паспорт ошо менен келген киши отүп кеткенге мүмкүнчүлүгү бар. Бир өздүк курамдын санын кобойтпостон экични чек ара чы менен мамиле тузулбостон коррупция жол менен жагдай бербегенге шарт түзөт.