Жаңылыктар
Аба ырайынын кескин өзгөрүшү көмүр ташыгандарга да тоскоолдук жаратууда
Аймак
Аба ырайынын кескин өзгөрүшү көмүр ташыгандарга да тоскоолдук жаратууда

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде бир нече күндөн бери жүздөн ашуун айдоочулар кезек күтүп, көмүр жүктөп кете албай жаткандыгын айтып, биздин каналга телефон чалып кайрылышты. 

Айрымдары өткөн жуманын аягында эле келген. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам күн сууктап, унааларынын майы түгөнүп, тамактануучу жайлар менен дүкөндөр дагы жаңы жылга карата жабылып калгандыктан, алар оор абалга кептелгенин билдиришти.