Жаңылыктар
"Төө-Ашууда" жол кырсыгын алдын алуу иштери жүрүүдө
Өзгөчө кырдаал
"Төө-Ашууда"  жол кырсыгын алдын алуу иштери жүрүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Чүй облусундагы “Төө-Ашуу” ашуусунда убагы менен кум чачылып, унаа тыгындары пайда болгон жерлерде авариялык абалдарды болтурбоо максатында тийишелүү кызматтар иш алып барышууда. 

Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу жана жол кыймылын үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн облустун аймагында абалды тыкыр көзөмөлгө алышкан. 

Алар ыңгайсыз абалга учураган унаалардын айдоочуларына жеринде жардам көрсөтүүдө.