Жаңылыктар
Жусуп Абдрахмановдун 116 жылдыгы эскерилди
Маданият
 Жусуп Абдрахмановдун 116 жылдыгы эскерилди

Кыргыздын чыгаан уулу, мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин биринчи элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 116 жылдыгы эскерилди. 

Анын туулган күнүнө карата Бишкек шаарындагы улуу ишмердин айкелине гүлчамбарлар коюлуп, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түзгөн инсандын тарыхтагы изи тууралуу сөз болду. 

Иш-чарага Абдырахмановдун айылдаштары, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер катышты.

Жусуп Абдырахмановдун басып өткөн жолун терең билген чакан топ улуу инсандын эстелигине гүл коюп таазим кылды. Мында илимпоздорду, тарыхчы жана Абдырахмановдун киндик каны тамган Чиркей айылынын тургундарын учуратса болот. Алар чыгаан коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун кыргыз элине кошкон салымын эскерди.