Жаңылыктар
Мекендешибиз Н.Букуев футзал боюнча дүйнөнүн мыкты калысы наамына көрсөтүлдү
Спорт
Мекендешибиз Н.Букуев футзал боюнча дүйнөнүн мыкты калысы наамына көрсөтүлдү

Мекендешибиз Нурдин Букуев Футболдун эл аралык федерациясынын футзал боюнча дүйнөнүн мыкты калысы наамына көрсөтүлдү. Буга чейин аталган наамга Египеттен Хасан Мухамед Хасан Ахмед Юсеф, Уругвайдан Даниель Фернандо Родригес өңдүү онго жакын калыс көрсөтүлгөн. 

Добуш берүү келерки жылдын биринен сегизинчи январга чейин өтөт. Былтыр дүйнөнүн мыкты калысы наамы Испанияга кеткен.

Кыргызстан футбол федерациясынын алдындагы калыстар комитетинин төрагасы Юрий Ерошенконун айтымында, рефери, же калыстык кылуу биздин өлкөдө ылдам өнүгүүдө. Өзгөчө кыз-келиндердин кызыгуусу байкалган. Азырынча эки кыз оюндардын калысы.

Сыйлыктарды спорттук кийим чыгарган Умбро бренди, Футзалпланет чекит ком сайты менен биргеликте тапшырат. Добуш берүү 2018-жылдын биринен 8-январга чейин жүргүзүлмөкчү. Эскерте кетсек, өткөн жылы аталган сыйлыкты Испаниялык калыс багындырган.