Жаңылыктар
Ала-Букадагы катуу шамал 6 миллион сомдон ашык чыгым алып келди
Өзгөчө кырдаал
 Ала-Букадагы катуу шамал 6 миллион сомдон ашык чыгым алып келди

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун 1-Май, Көк-Серек, Көк-Таш айылдарында 28-декабрда катуу шамал болуп, анын кесепетинен 530дан үйдүн жана 17 социалдык обьектинин чатыры бузулду. Мындай маалыматты “Ала-Тоо 24” каналынын Жалал-Абаддагы кабарчысы билдирди. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, шамалдын кесепетинен 6 миллион сом чыгым чыкты. Муну менен катар бороон-чапкын болгон аймактарда электр жарыгы жок экени да айтылууда. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо, 28-декабрда аталган айылдарда секундасына 20-35 метрге жеткен катуу шамал болгонун билдирди.