Жаңылыктар
КВН: “Азия Микс” алдыда
Маданият
КВН: “Азия Микс” алдыда

Кыргызстандын “Азия Микс” КВН командасы дагы бир жолу утушка ээ болду. Москвада 11-март күнү өткөн, КВНдин Жогорку лигасындагы 8 команда беттешкен оюнда кыргызстандык “Азия Микс” тобу жеңишке жетти. Ошентип биздин оюнчулар чейрек финалга өттү. 

Сегиз команда катышкан финалдык бөлүгүндө кыргызстандыктар менен бирге Физтех курама командасы, Москва, «Уфа», «Русская дорога» топтору таймашып, жыйынтыгында «Азия MIX» көп упай топтоп, чейрек финалга чыкты. 

Калыстар тобунун мүчөлөрү оюн жогорку деңгээлде өткөнүн жана оюндун жүрүшүндө кыргызстандык шайыр тапкычтар көрүүчүлөрдүн черин жазып, жогорку оюн көрсөтүшкөнүн белгилешти.