Жаңылыктар
Кыргызстандын 2018-жылга карата бюджети бекиди
Экономика
Кыргызстандын 2018-жылга карата бюджети бекиди

Кыргызстандын 2018-жылга карата бюджети бекиди. Президент Сооронбай Жээнбеков “2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына кол койду. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган. Ага ылайык, өлкөнүн 2018-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 140 882,2 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 161 149,3 млн. сом суммасында бекитилди. 

Республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 20 267,1 млн. сом суммасында белгиленди. Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.