Жаңылыктар
С.Исаков Нарын шаарында КР ЖАМК жана МЧК кызматкерлерине жаңы квартиралардын ачкычын тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
С.Исаков Нарын шаарында КР ЖАМК жана МЧК кызматкерлерине жаңы квартиралардын ачкычын тапшырды

Жаңы жылдын алды менен Теңир-Тоолуктарда жагымдуу жаңылык орун алды. Нарын шаарында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Чек ара кызматынын жеке курамынын кызматкерлери үчүн курулган турак-жайлар пайдаланууга берилди. 

Ар-биринде 24 батирлүү эки турак-жайдын курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Нарын облусунда жумушчу сапары менен жүргөн премьер-министр Сапар Исаков анын ачылыш салтанатына катышты. 

Премьер-министр Жазаларды аткаруу кызматынын жана чек ара кызматынын кызматкерлерин турак-жайлуу болушу менен куттуктап, бул алар жана алардын үй-бүлөсү үчүн жаңы жыл алдындагы чыныгы майрам экендигин белгиледи.

Премьер-министр иш-чара катышуучуларын Жаңы жылы менен куттуктап, тынчтык, бакубаттык жана ийгиликтерди каалады. 

Буга катар Кыргыз Өкмөтүнүн атынан турак-жайлардын аймагын көрктөндүрүү үчүн акчалай сертификаттар бөлүнгөн. Кышкысын жылуу, ичи заманбап үлгүдө салынган үйлөр өз ишинен ийгилик жаратып, көп жыл иштеген кызматкерлерге берилиптир.

Жаз айы менен башталган чек арачылардын үч кабаттуу үйү бүтүп, буга мамлекет тарабынан 34 миллион сом берилип, бардык шарты бар көрктүү заңгыраган ак өргө курулду.