Жаңылыктар
Орусияда кыргыз ишкерлери үчүн соода аянтчасы ачылат
Экономика
Орусияда кыргыз ишкерлери үчүн соода аянтчасы ачылат

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Москвада “Кыргызстан” деп аталган интеграциялык соода-экономикалык аянтчанын расмий ачылышы болот. Бул тууралуу, маалымат жыйынында белгилүү болду. 

Кыргызстандын Бажы биримдигине киргендигине байланыштуу Москвада аянты 300 квадрат метрди ээлеген, интеграциялык соода-экономикалык аянтына кыргыз ишкерлери ээ болот.

 Мындай жаңылык биздин дыйкандар жана ишкерлер үчүн кубанычтуу. Буга чейин алар үчүн тышкы рынокко чыгуу маселе жаратып келген. Эми Орусиянын базарына чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тактап айтканда өндүрүүчүлөр өз товарын орус базарына ортомчусуз чыгара алат.