Жаңылыктар
Бишкектин бир катар көчөлөрү жаңы жыл алдында жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин бир катар көчөлөрү жаңы жыл алдында жабылат

Жаңы жыл алдында, 31-декабрь күнү, борбор калаанын бир катар көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 31-декабрда Чүй проспектиси жана Абдымомунов көчөсүндө Тыныстанов менен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жол кыймылы чектелет. 

Мындан сырткары Киев жана Фрунзе көчөлөрү дагы Тыныстановдон Тоголок Молдого чейин маал-маалы менен жабылып турат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер айдоочуларды каттамдарды алдын ала пландап алууга чакырат.