Жаңылыктар
2017-жылы Кыргызстан эл аралык мамиледе ийгиликтерге ээ болду
Саясат
2017-жылы Кыргызстан эл аралык мамиледе ийгиликтерге ээ болду

Узап бара жаткан жылда Кыргызстан эл аралык мамиледе ийгиликтерге ээ болду. Маселен Өзбекстан менен кызматташтык жанданып, чек араларды тактоодо жылыштар байкалды. 

Өлкө буга чейин карманган турумун дагы бышыктап, Орусия менен алака артты. Москванын Кыргызстандын карызын жойгону да тышкы саясаттагы ийгиликтердин бири болду.

Жыл соңунда артка кылчайып, тышкы саясаттагы маанилүү окуяларды эстөөгө болот. Тышкы иштер министрлиги быйыл чет өлкөлөр менен жүздөн ашуун жогорку деңгээлдеги иш сапарлар уюштурулганын билдирүүдө. Өлкө жетекчилери өнөктөш мамлекеттердин маанилүү иш-чараларына катышып, Кыргызстанга келген лидерлер да арбын болду.