Жаңылыктар
Борбордо Жаңы жылды кандай тосуп алышты?
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордо Жаңы жылды кандай тосуп алышты?

Кыргызстандыктар тоок жылын узатып, ит жылып тосуп алды. Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам катары эсептелгендиктен коомчулук майрамды адатта жакындары менен бирге белгилешет. 

Негизи шаан-шөкөт коштогон майрам күндөрү ар кандай кырсык же окуялар көп катталып турат. Адаттагыдай эле калктын саламаттыгы үчүн кызматын өтөгөн тез жардам, милиция жана башка тармактын кызматтары иш үстүндө болду. 

Тез жардам кызматында иш күнү-түнү кайнап, телефон чалуулардын аягы үзүлбөйт. Бирок быйылкы жаңы жыл майрамы “103” кызматы үчүн адаттагыдай өттү. Майрам эмес күндөгүдөй 600 чукул кайрылуу келип түшүп, 476 адамга тиешелүү жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерге жардам сурап кайрылгандардын басымдуу бөлүгү сасык тумоолоп жаткандар экени аныкталган. 

Криминалдык чыр-чатакка байланыштуу 2 учур катталып, каза болгондор жок. Көчөдө калган төрт селсаяктан да арыз түшүп, аларга тиешелүү жардам берилген. Жалпысынан жаңы жылдык түн тынч өткөн. “103” кызматына кайрылуулар майрамдын эртеси көбөйүшү күтүлүүдө.

Ички иштер министрлиги билдиргендей жаңы жыл өлкө боюнча салтанаттуу белгиленип, жалпысынан тынч өттү. Ар бир облус, райондордо балаты тигилип иш-чаралар уюшулган. Бишкекте Ала-Тоо аянтына келгендер үчүн майрамдык концерт тартууланып, анда отузга жакын бала көпчүлүктүн арасында адашып кетип, милициянын жардамы менен баары тең жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул күнү коомдук коопсуздукту 2 миңдей кызматкер камсыз кылды.

Жаңы жыл күнү Кыргызстандын аймагында жер титиреди. 31-декабрда Ош облусунда күчү очогунда 4,5 баллга жеткин силкинүү катталганын Сейсмология институту аныктаган. Жердин титиреши Бор-Дөбө айылында 4 балл, Арча-Булак, Сары-Могол, Талды-Сууда 3,5, Сары-Таш, Кара-Киндик жана Ачык-Суу айылдарында 3 балл болуп сезилди. Баштапкы маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Чүй облусундагы Беловодское айылында жаңы жылдык балаты түнкү 12ге аз калганда өрттөнүп кетти. Тилсиз жоо жаңы жылдык салюттарды одоно колдонгондун кесепетинен чыгып, өрт өчүрүү кызматы убагында келип өчүрүүгө жетишкен. Жергиликтүү жашоочулар арасында жабыркагандар болгон жок.

Фейрверк, жардыргыч жана салюттар майрамдын көркүн ачат. Бирок жаңы жылды тоскон түнү аларды туура эмес колдонгондун кесепетинен дагы канча кырсык катталды белгисиз. Анткени Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганыбызда алар тиешелүү маалымат менен бөлүшө алган жок.

Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамына карата 31-декабрдан 4-январга чейин эс алышат. Бул күндөрү дагы милиция, тез жардам, өрт өчүрүү кызматтары адаттагыдай эле иш үстүндө, эл кызматында болушат.