Жаңылыктар
Чүй облусунда болгон кылмышка карата үч шектүү адам кармалды
Кылмыш
Чүй облусунда болгон кылмышка карата үч шектүү адам кармалды

Жаңы жыл түнү Чүй облусунун Беловодское айылында, үйүнө кирип барып кол салып 2 кишини атып өлтүрүп, үй ээсин оор жарадар кылып тоноп кетишкен. Милиция мындан улам ыкчам чара көрүп, “Перехват” планын жүргүзүп, оор кылмыштын бетин тез арада ачууга жетишкен. Кылмышка шектүү үч адам кармалды. Алар Аламүдүн районунун 19 жаштан 23 жашка чейинки курактагы тургундары болуп чыкты.

Кан төгүлгөн үйдө киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү көрүстөнгө коюлуп, аза күтүү белгиси катары маркумдардын сүрөтүнө шам чырак жагылган. 1-январга караган түнү ушул үйдө кан төгүлгөн. Окуя болгон жерден 12-калибрдеги ок атуучу куралдын гильзалары алынган. 

Таңга маал төрт чамасында беткапчан белгисиз адамдар бастырып кирип, эки чоң кишиге ок чыгарышкан. Андан соң 2 айлык небере ымыркайына мылтык кезеп, үй ээсинен акча талап кылышкан. 100 миң сомдой акчаны жана алтын буюмдарды алгандан кийин, үй ээсин баш тушка атып из жазгырган.

Жаңы жыл түнү 69 жаштагы жана 45 жаштагы эки аял өмүрү менен кош айтышты. Милиция билдиргендей, кылмышкерлер аларга колунда бар үй-бүлө деген маалымат аркылуу кол салган. Кылмыш иши козголуп үчөө кармалды, эми маалымат берген адамды аныктоо жана башка иликтөө амалдары улантылууда.