Жаңылыктар
5-каналдын парламенттик канал деген макамын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору ЖКда каралат
Саясат
5-каналдын парламенттик канал деген макамын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору ЖКда каралат

5-каналдын парламенттик канал деген макамын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорун депутат Дастан Бекешев демилгелеп чыккан. Маалыматка ылайык, 2010-жылдын 20-майында Убактылуу өкмөттүн декрети менен 5-канал жабык акционердик коомунун уюштуруучусу болуп саналган «Жыйырма бешинчи кадр» ачык акционердик коому мамлекет тарабынан улутташтырылган. 

Алгачкы президент Аскар Акаевдин убагында бул канал КООРТ деген ат менен чыгып, кийин бийликке Курманбек Бакиев келгенде аты өзгөрүп, 5-канал деген жаңы аталыш менен элге таанылган. Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын медиа айдыңында кеңири таанылган «Бешинчи каналдын» эмгек жамааты каржы маселесинен улам 28-декабрда ишмердигин токтоткон. Бул каналга жаңы дайындалган башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Эркинбек Абдыразаков келген.