Жаңылыктар
2-январга караган түнү Ай адаттагынан өзгөчө жарык көрүндү
Кыргызстан жаңылыктары
2-январга караган түнү Ай адаттагынан өзгөчө жарык көрүндү

PORT1RIGHT

2-январга караган түнү Ай өзгөчө жарык болду. Мындай маалыматты Орусиядагы "Москва планетарийи" деп аталган илим изилдөө борбору жазды. 

Тагыраак айтканда, Ай ошол маалда жер шаарындагыларга адаттагыдан 14 пайыз чоң жана 30 пайызга жарык көрүндү. 

Ай Жердин жалгыз табигый жандоочусу, Жерге жакын жайгашкан асман телосу. Асманда жарыгы боюнча Күндөн кийинки экинчи объект. Жер менен Айдын аралыгы 384 467 км.

Окумуштуулар январь айынын ичинде жердегилер дагы бир нече астрономиялык кубулуштарга күбө болорун айтышат. 3-январда Жер - Күнгө эң жакын аралыкта болот. 

Муну менен катар 4-январда саатына 120га чейинки сандагы метеориттер ылдый карай учары айтылууда.