Жаңылыктар
ӨКМ: катуу шамалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: катуу шамалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүлүүдө

Былтыр жылдын аягында катуу шамалдын кесепетинен турак жайынын чатыры жараксыз абалга келгендерге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шифер жеткирүүдө.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 1-январда 1980 даана шифер Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна жөнөтүлсө, 2-январь күнү таркатуу иш-чаралары аткарылган. Мындан тышкары, 2-январь күнү 4730 даана шифер жүктөлүп, Ала-Бука районуна кеткен. 

Мындан тышкары Талас облусунун Манас районунда дагы шиферлерди таратуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жалпы эки облуска 7920 шифер жөнөтүлдү. 

Эске салсак, 27-декабрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен катуу шамалдан 530 үйдүн жана 17 социалдык объектинин чатыры зыян тарткан. Ал эми Талас облусунун Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорунун аймагында 400гө жакын турак үйдүн, 30дай мекеменин чатыры жабыркаган.