Жаңылыктар
Мыйзам туура аткарылса, тартип сакталат
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзам туура аткарылса, тартип сакталат

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы укук коргоо түзүмдөрү, ошондой эле өкүлчүлүк бийлик жана мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан мыйзамдар кандай аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөгөн прокуратура тармагынын ишмердигинен маалымат алды.

Индира Жолдубаева ошондой эле өлкөдөгү калыс атаандаштык мамилелерин өнүктүрүү максатында ишкерлердин укуктарын коргоо жаатындагы көрүлүп жаткан чараларды, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштердин негизги багыттары жөнүндө баяндады. 

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет алдына койгон милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн мыйзамдуулукту жана мыйзамдарды так сактоону камсыз кылуу маанилүү экендигин баса белгиледи.