Жаңылыктар
Бишкек шаарына газ менен иштеген автобус алынып келет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарына газ менен иштеген автобус алынып келет

Быйыл жазында Бишкек шаарына газ менен иштеген 350 автобус алынып келет. Ал унаалар майып жарандар үчүн да ыңгайлуу болот жана вай-фай интернет байланышы менен камсыздалат. 

Бул тууралуу өткөн жылдын 25-декабрында шаардык мэрия менен «Газпром» компаниясынын ортосунда автобус сатып алуу боюнча келишимге кол коюу иш-чарасы убагында айтылган.

Маалымат боюнча, автобустарды сатып алууга жалпысынан 50 млн АКШ доллары кетет. Анын 30 млн долларын «Газпром» компаниясы, ал эми калган каражатты Бишкек мэриясы төлөөрүн Премьер-министр Сапар Исаков билдирген.

Эске салсак, алынып келе турган автобустар Бишкек шаарында 11 багыт боюнча жүргүзүлөт.