Жаңылыктар
Жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү акча төлөнө баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү акча төлөнө баштады

1-январдан тарта жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ата-энесине бир ирет бериле турган сүйүнчү акча төлөнө баштады. Бул тууралуу  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева кабарлады.

Анын айтымында, сүйүнчү акчанын өлчөмү ар бир балага төрт миң сомдун тегерегинде чегерилет. Сүйүнчү акчаны алуу үчүн жергиликтүү социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек. 

Ал үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, энесинин паспорту жана жашаган жери, үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат талап кылынат. 

Дагы бир өзгөчөлүк, бийик тоолуу же алыскы аймактарда жашаган жерине жараша сүйүнчү акчага тиешелүү коэффициенттер кошулат. Ал эми мындай акчаны бала төрөлгөндөн тарта бир жыл аралыгында алууга мүмкүн.