Жаңылыктар
Түндүк Кореяга кимдер кол салууну көздөөдө?
Дүйнө
Түндүк Кореяга кимдер кол салууну көздөөдө?

Түндүк Корея коңшусу Түштүк Корея менен көп убактан бери иштебей турган жабык "тынымсыз байланыш" каналын ачты. Мындай маалыматы чет элдик басылмалар коңшулар Корея өлкөлөрүнүн иштери боюнча башкармалыктын билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыгышты. 

Расмий Пхеньян коммуникация каналын калыбына келтирүү боюнча чечимди Түштүк Корея Түндүк Кореяга жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылгандан кийин кабыл алган. Ага чейин 1-январда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз өлкөсү Түштүк Кореяда өтө турган кышкы Олимп оюндарына делегациясын жөнөтүүнү каалай турганын жаңы жылдык кайрылуусунда белгилеген эле. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"