Жаңылыктар
Башталгыч класстарга кошумча ысык тамак бериле баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Башталгыч класстарга кошумча ысык тамак бериле баштайт

Эми мектептердеги башталгыч класстарга дагы кошумча ысык тамак жана нан азыктары бериле баштайт. Муну шарттаган токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул чечим мектептеги тамактанууну жакшыртуу максатында кабыл алынды. 

Кабыл алынган документке ылайык, кошумча 275 жалпыга билим берүү мекемелеринде ысык тамактануу жана нан азыктарын өз алдынча бышыруу киргизилип, мектептердеги 1-4-класстагы окуучулардын санына жараша ашпозчулардын саны дагы көбөйтүлөт. 

Билим берүү жана илим министрлигине тизмеге киргизилген жалпы билим берүү мекемелериндеги ысык тамак жана нан азыктарын бышырууну уюштуруу боюнча чараларды кабыл алуу жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген ашпозчуларга карата квалификациялык талаптарды иштеп чыгуусу жана тийиштүү тартипте бекитүүсү тапшырылды.