Жаңылыктар
Кыргызстанда тамекинин баасы кымбаттайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда тамекинин баасы кымбаттайт

Ушул жылдын 1-январынан тартып Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр иштеп баштады. Ага ылайык, 2022-жылга чейин жыл сайын тамеки 10 сомго баасы жогорулап турат жана бир куту тамеки ошол учурда 90 сомго чыгышы мүмкүн. 

Бааны болсо өкмөт бекитет. Чылымдын бир кутусу быйыл 50 сомдон сатылууда. Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, акциздик салыктын көтөрүлүшү мамлекеттик бюджеттин кирешесин быйыл 938 миллион сомго көбөйтөт. 

Белгилей кетсек, айрым иликтөөлөр боюнча Кыргызстанда соңку жылдары 25 жаштан 50 жашка чейинки эркектер арасында чылым чегүү азайганы менен, ушул эле жаштагы аялдардын арасында тамеки тарткандар көбөйгөн.