Жаңылыктар
Новосибирсктеги өрттөн эки кыргызстандык каза болду
Кырсык
Новосибирсктеги өрттөн эки кыргызстандык каза болду

Россиянын Новосибирск облусундагы бут кийим кампасында чыккан өрттөн 10 адам каза болду, алардын экөө кыргызстандык. Мындай маалыматты РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тактап жатканы айтылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун жетөө Кытайдын, экөө Кыргызстандын, бирөө Россиянын жараны. 

Эскерте кетсек, Новосибирскдеги Чернореченский айылында бут кийим сактоочу кампадан өрт чыгып, тилсиз жоодон эки миң чарчы метр жер күйүп кеткен.