Жаңылыктар
Сапар Исаков шамалдан жабыркагандарга шифер жеткирүү иштерин ыкчамдатууну тапшырды
Өзгөчө кырдаал
Сапар Исаков шамалдан жабыркагандарга шифер жеткирүү иштерин ыкчамдатууну тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек-Ош унаа жолундагы транспорттук байланышты жакшыртуу, ошондой эле Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы катуу шамалдын кесепетин жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Мындай тапшырмаларды өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алганда айтты. Бороновдун айтымында, тоолуу аймактардагы каттамдардагы тыгындардын болушуна айрым жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кышка даярдык көрбөгөндүгү жана айдоочулардын маданиятынын төмөндүгү себеп болду.

Бул жолугушууда Бишкек-Ош унаа жолунун айрым тилкелеринде тийиштүү кызматтар тарабынан тазалоо иштери өз учурунда жүргүзүлбөгөндүгү да айтылды. Бороновдун айтымында, Токтогул районундагы «Арал» жана Жайыл районундагы «Сосновка» пункттарында айдоочулар үчүн жылынуу пункттары уюштурулган. 

Мындан тышкары, Кубатбек Боронов декабрда болгон шамалдан 10 миңге жакын шифер жеткирилгенин жана учурда курулуш материалдарын жиберүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты. Сапар Исаков болсо жабыркаган тургундар үшүбөй, чатырларын жаап алышы үчүн шифер жеткирүү иштерин ыкчам тартипте жыйынтыктоону тапшырды.