Жаңылыктар
Кыргыз өкмөтү жарандарга өз мүлктөрүн камсыздандыруу зарылдыгын эскертүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз өкмөтү жарандарга өз мүлктөрүн камсыздандыруу зарылдыгын эскертүүдө

Өткөн жылдан бери жабыркагандарга мамлекет тарабынан кенемте төлөө шарты жоюлуп, мүлкүн камсыздандыргандар гана акчалай жардам ала баштаган. Жакында эле болгон катуу шамалдан Талас облусу боюнча 394 турак жай жабыркады. Бул үйлөрдүн дээрлик бардыгы камсыздандырылбагандыктан ар ким жагдайдан өз алдынча чыгууга аргасыз.

Бул шиферлер жакында эле, декабрындын акыркы аптасында болгон катуу шамалга туруштук бербей учуп түшкөн. Ал шамалдан Талас облусу боюнча 394 үй жабыркап, 5 миңге жакын шифер жараксыз болуп калды. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматы боюнча бул турак жайлардын 70ке жакыны гана камсыздындырылган.
Ал эми камсыздандыруу компаниясын туура түшүнүп, өз учурунда чара көргөндөр да жок эмес. Алардын катарында Манас районунун Покровка айылынын тургуну Майрамбек Рыспаев да бар. 

Ноябрь айында Киров суу сактагычынан келген суунун көлөмү көтөрүлүп, Майрамбектин короо жайын каптап, натыйжада үйү кыйла эле жабыркаган. Эми анын мамлекеттик камсыздандыруу компаниясына берген 600 сому, 500 миң сом болуп кайтарылып берилди. Камсыздандыруу учурдун талабы экенин эл ичинде түшүндүрүү үчүн атайын өкүлдөр келип, Манас районунда эл менен жолукту. Мүлктөрдү камсыздандырууда жеке фирмалар да иштейт. Ким кааласа өкмөттүк же жеке фирмаларга камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөй берет. Бирок, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өзгөчөлүгү мында. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын шарты боюнча элет жеринде бир жылдык төлөм 600 сом, ал эми шаар жеринде 1200 сом.