Жаңылыктар
Азык-түлүктөрдүн бир катар түрлөрү жана көмүр менен цементтин баасы арзандады
Кыргызстан жаңылыктары
Азык-түлүктөрдүн бир катар түрлөрү жана көмүр менен цементтин баасы арзандады

Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Мекеме 17-ноябрдан 29-декабрга чейинки базар баасындагы өзгөрүүлөргө байкоо салган. Жаңы жыл майрамынын алдында да олуттуу кымбатчылык болгон жок. Экономика министрлиги бааларга ар эки апта сайын байкоо жүргүзүп турат. 17-ноябрдан 29-декабрга чейинки аралыкта ар кандай деңгээлдеги арзандоолор байкалды. Буудайдын килограммынын баасы 5 тыйынга арзандады. Орточо нарк 11 сомду түзөт. Биринчи сорттогу ун 14 тыйынга арзандаган, учурда килограммы 19 сомдон бааланууда. Нан 3 тыйынга, кум шекер 1 сом 64 тыйынга, эттин орточо баасы 1 сом 48 тыйынга ылдыйлады. Цементтин наркы дээрлик 4 сомго, ал эми жергиликтүү көмүрдүн тоннасына карата баасы 267 сомго арзандаган.

Кум шекердин баасы ушуну менен бир жылдын ичинде 12 сомго арзандады. Буга кант кызылчасын иштетүүчү “Кошой” заводунун ишке берилиши себеп болду. Өлкө калкына бир жылда 130 миң тонна шекер керектелсе, анын 75 миңи өзүбүздө даярдалды. Ал эми ундун орточо баасы 14 тыйынга арзандады. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырып караганда өзгөрүү дээрлик байкалган жок. 

Адатта жаңы жыл алдында, деги эле майрамдарды утурлай азык-түлүктөрдүн баасы бир аз көтөрүлчү. Экономика министрлик бул ирет андай абал дээрлик байкалбаганын билдирүүдө. Жаздын башталышы менен азык-түлүк тартыштыгы жаралып, ал баага таасир этет. Тиешелүү мекеме жылдагыдай эле мындай абал күтүлүп жатканын, бирок олуттуу кооптонууга негиз жок экенин билдирүүдө. Арзандады деп айтылып жаткан продукциялар Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан наркы тескелген товарлардын катарына кирет. Андыктан бааны негизсиз көтөрүүгө да жол берилбейт.