Жаңылыктар
Чүйдүн айрым райондорунда көмүрдүн баасы кымбат сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдүн айрым райондорунда көмүрдүн баасы кымбат сатылууда

Чүй облусунун айрым райондорунда көмүрдүн баасы белгиленген чегинен жогору сатылган учурлар кездешүүдө. Мындай көрүнүштөр монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жайыл жана Ысык-Ата райондоруна жасаган атайын текшерүүсүндө билинди. 

Мекеменин кызматкерлери бул өңдүү рейдди бүгүн Чүй облусунун Москва районунда да өткөрүп, кара алтындын дүң жана чекене баасы, мындан сырткары алып сатуучуларга тиешелүү болгон талап-шарттар текшерилди. 

Чүй облусуна бир кило көмүрдүн баасы 5 сомдук чектен ашпашы керек деген норма коюлган. Москва районунда кара алтын атайын базаларда дүңүнөн тоннасы 3900 сом, ал эми чекене баасы 4 сом 20, 4 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Андыктан баа боюнча мыйзам бузуулар аныкталган жок. Көмүрдүн баасы так илинбеген бир гана жайда мыйзам бузуу аныкталып, белгилүү өлчөмдө айып салынды.