Жаңылыктар
Чет өлкөдө эс алган кыргызстандыктардын саны арбыды
Туризм
Чет өлкөдө эс алган кыргызстандыктардын саны арбыды

Чет өлкөлөргө чыгып эс алган кыргызстандыктардын саны соңку бир жыл ичинде 20-30% арбыды. Бул тууралуу Туризм ассоциациясынын жетекчилер кеңешинин төрагасы Талант Токталиев билдирди. 

Анын айтымында, негизинен Египетке, Түркияга, араб өлкөлөрүнө, Таиландга жана Европа мамлекеттерине, жада калса алыскы аралдарга каттагандар да бар. 

Адистердин пикиринде, эс алуусун чет өлкөлөрдө өткөргөн жарандардын көбөйүшүнө элдин каржылык мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши, ар кандай арзандатуу акцияларынын ойнотулушу себеп болууда. 

Эске салсак, Кыргызстанда болжол менен 300гө жакын туристтик компания бар. Алардын 70и Туризм ассоциациясына мүчө.