Жаңылыктар
Нарында жаңы ачылган гемодиализ бөлүмү бейтаптарды кабыл алууда
Ден соолук
Нарында жаңы ачылган гемодиализ бөлүмү бейтаптарды кабыл алууда

Нарында жаңы ачылган гемодиализ бөлүмү иш баштаганына бир жума болду. Бул арада өмүр сакчылары заманбап үлгүдөгү жабдык менен 2 бейтапты дарылап жатышат.  

Эскерте кетсек, жаңы жабдыкты Япония өлкөсү Кыргызстанга жардам катарында беришкен болчу. 

Акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыз болгон Гемодиализ бөлүмүнө жалпы 14 миллион сом кетти. Жагымдуу шарты менен ачылган оорукана эми отузга чейин бейтаптарды тейлегенге даяр. Азыр жалпы Нарын облусу боюнча гемодиализге муктаж 73 жаран бар. Булар борборго барып, дарыланып келишет.

Эми Нарындагы гемодиализ бөлүмү жарандардын дарысын гана кабыл алып, аппараттын тейлөө кызматы бекер болот.

Учурда бөлүмдө 17 кызматкер иштейт. Адамдардын ден-соолугуна кам көрүп, өмүр үчүн күрөшкөн ак халатчандарыбыздан айланса болот.