Жаңылыктар
Новосибирсктеги өрттөн Кыргызстандын 2 жараны каза болду
Кырсык
Новосибирсктеги өрттөн Кыргызстандын 2 жараны каза болду

Тышкы иштер министрлиги Россиянын Новосибирск облусундагы өрттөн каза болгон жана жаракат алган кыргызстандыктарга байланыштуу маалыматты тактап жатат.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Новосибирск облусундагы өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирген.

Кийинчерээк аталган министрлик бул маалыматты тактап жатканын жана Кыргызстандын 24 жаштагы эки жараны көз жумганын билдирди.

«Россиянын ӨКМнен алынган акыркы маалыматтарга караганда, өрт учурунда Кыргызстандын 2 жараны — 1994-жылы туулган Б.У.Д. жана Т.Ю.С. каза болду. Дагы бир кыргызстандык жаракат алган. Ага жардам көрсөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.