Жаңылыктар
Асыл тукум мал чарбасын асылдаштыруу
Айыл чарба
Асыл тукум мал чарбасын асылдаштыруу

Сузак районунун тургуну Кахар Эшкозуев асыл тукум мал чарбасын түптөп, азыркы тапта кара малдын 3 түрүн көбөйтүүдө. Учурда фермердин чарбасында тирүү салмагы 700 килограммга жеткен бодо малдары бар. 

Фермер бапестеп багып жаткан бул бука абердин-ангус тукумундагы мал. Асыл тукум болгондуктан этти көп берет. Дагы бир өзгөчөлүгү эти майлуу эмес. Кахар Эшкозуев мындай малды көбөйтүп баштаганына 2 жыл болгон. 

Кахар Эшкозуев абердин ангус тукумундагы малын жергиликтүү бодо малдарга аргындаштырып, асылдаштыруу аракетинин үстүндө. 

Мындан сырткары эт жана сүт багытындагы ала-тоо, швиц породасындагы уйларды да багууда. Швиц породасындагы мал жакшы бакса күнүнө 15-20 литрден кем эмес сүт берет. 

Асыл тукум мал чарбаларды колго алып, аны жайылтуу учурдун талабы болуп турат. Ал үчүн мамлекет жакшылап колдоого алышы керек. 

Алгач 20 баш мал, 4 торпок менен ишмердүүлүгүн баштаган фермердин чарбасында, учурда бодо малдын саны 150дөн ашты.

Адистердин айтымында, асыл тукум мал чарбаларды өстүрүүнү туура багытта өнүктүрсө элеттеги элдин экономикасын көтөрсө болот. Сандан сапатка өтүү ашыкча чыгым менен түмөн түйшүк убарадан дагы арылтат.