Жаңылыктар
Президент 70 балага жаңы жылдык белек тартуулады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент 70 балага жаңы жылдык белек тартуулады

Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган 70 бала Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык белек алышты. Мамлекет башчысынын дарегине, өлкөнүн бардык булуң-бурчунан 14 жашка чейинки балдардан, жаңы жылдык белек алуу өтүнүчүн айткан каттар келип түшкөн. Алардын арасында окуунун отличниктери, активисттер, турмуштук оор жагдайга туш келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары дагы бар. 

Маселен, Баткен облусунун Кадамжай районундагы орто мектептин окуучусу Президентке куттуктоо ыр жазып, жаңы жылга компьютер белекке берүүнү өтүнгөн. Талас шаарынан тогуз жаштагы Акылай алты жашынан бери “Манас” окуйт. Куттуктоо менен кошо ал Мамлекет башчысынан жаңы жылдык белек тартуулоону суранган. 

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы алтынчы класстын окуучусу дагы белек алууга ниеттенип Президентке кат жазган. 

Келип түшкөн каттарга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фондунан планшеттерди сатып алып, балдарга белекке берүү үчүн акча каражатын бөлдү.