Жаңылыктар
Меккеден Мединага жогорку ылдамдыктагы поезд каттап баштады
Дүйнө
Меккеден  Мединага жогорку ылдамдыктагы поезд каттап баштады

Эми Сауд Арабияга ажылыкка баргандар Меккеден Мединага жогорку ылдамдыктагы поезд менен жетип алса болот. 

Бул эки шаардын ортосундагы аралык 450 километр. Бул аралыкты жаңы муундун поезди менен эки жарым саатта басып өтсө болот. 

Эконом класстагы жол киренин наркы 100 риалга барабар. Же сомго айландырганда 1 миң 838 сом төлөйт. 

Бул поезддин ишке кириши кыргыз жеринен барган ажыларга дагы жакшы шарт түзөрүн муфтияттан билдирди. Анткени мурда Меккеден Мединага бери дегенде 5 саатта жетсе, эми жогорку ылдамдыктагы поезд менен 2 - 2,5 саатта эле жетип алса болот.