Жаңылыктар
Канат Исаев 12 жылга эркинен ажыратылды
Саясат
Канат Исаев 12 жылга эркинен ажыратылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту, Жогорку Кеңештин депутат Канат Исаевди мындан 7-8 жыл мурдагы кызмат абалынан пайдаланган кылмыштык аракеттери үчүн 12 жылга эркинен ажыратты. Мындай чечим 4-январда чыкты. Исаев жазасын күчөтүлгөн режимде өтөмөй болду.

Соттун чечимине ылайык, депутаттын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик кызматтарда 3 жылга чейин иштей албай турган болду. Бирок, 2010-жылкы убактылуу өкмөттүн декреттик мунапысына ылайык, эл өкүлүнүн жаза мөөнөтү төрттөн бирге кыскартылды. 

Эске сала кетсек, Канат Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деп айыпталган. Ал ошондой эле мэриядагы жооптуу кызматтарды ээлеген адамдар менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп УКМК айып таккан. 

Кийин Башкы прокуратура буга чейин Чүй облустук прокуратурасында жоголуп кеткен кылмыш ишин калыбына келтирип, иш 2010-жылы козголгон. Исаев Токмокто мэр болуп турган кезинде №1 борбордук китепкана системасынын Токмоктогу филиалын төмөндөтүлгөн баада жеке менчикке өткөрүп жиберген. Аталган китепкана 500 чарчы метрлик участогу менен кошо 572 миң 116 сомго сатылганы белгиленген.

Мындан тышкары, Канат Исаев 2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Бул иш боюнча тергөө дагы эле уланууда.