Жаңылыктар
Орус армиясы Сириядан чыгарылат
Дүйнө
Орус армиясы Сириядан чыгарылат

Орусиянын Президенти Владимир Путин 15-мартта Сириянын аймагынан орус армиясынын негизги бөлүгүн чыгарып кетүүнү буйурду. Путин орус коргоо министрлиги алдына койгон милдетти толук аткарды деп эсептейт. Деген менен Тартус жана Хмеймимдеги Орус аскер базасы мурдакы режимде иштейт.

Орусиянын Сириядагы аскердик сперациясы өткөн жылдын 30 сентябрында, Федералдык Кеңеш бекиткенден кийин башталган. Ага Сириянын Президенти Башар Асаддын террористтик топторго каршы күрөшүүдө аскердик көмөк көрсөтүү боюнча Орусиянын президентине расмий кайрылуусу негиз болгон.

Орус федерациясынын Федералдык Кеңешинин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин башчысы Виктор Озеров өз кезегинде, Орусиянын кадамын мындайча белгилеген:

Террористтердин арасында азыркы күндө буга чейин Орусия  федерациясынын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында жашап кеткен жүздөгөн эмес,  миңдеген жарандар бар. бүгүн эмес болсо да алар эртең же бир канча убакыттан  кийин алар согуштук тажрыйбасы менен кайра келиши мүмкүн.

Россия бийлиги Хмеймим аэродромуна жүздөгөн аскердик учактар менен тик учактарды жеткирген. Арасында бомбалоочу Су-34 жана Су-24М, чабуул койуучу Су-25, Су-30 жана Су-35 истребителдери бар.

2015-жылдан 1-октябрында дүйнөлүк теле каналдардан орусиянын авияциясы террорчуларга карата абадан урган соккулары көрсөтүлдү. Абадан болгон соккунун максаты террорчулардын курал-жарак кампаларын, ок-дарыларын, аскердик техникаларын, башкаруучу пункттарын жана байланыштарды жок кылуу болгон. Жүргүзүлгөн ар бир абадан сокку бутаны кыйратканын, бута алдын ала аныкталып, бир канча ирет текшерилерин коргоо министрлиги айтып келет.  

Орусиянын Сириядагы аба күчтөрү россиядан чыгышкан 2 миңден ашык согушчанды, анын ичинде 17 талаа командирлерин жок кылган. Мындай маалыматты Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу президент менен жолукканда билдирди. Ал ошондой эле аскердик операция башталган 30-сентябрдан баштап орус авиациясы 9 миңден ашык учууларды жасаганын кошумчалады. Бул мезгил аралыгында, абадан соккулардын күчү менен террорчулардын камсыздоочу ресурстарын, мыйзамсыз мунай соодаларын токтото алды.

Шойгу: Биздин авиациянын соккулары менен  мунай  казуучу, кайра иштетүүчү жана мунай сордуруучу 209 обьект жок кылынды. Мындан  сырткары 2912 даана мунай продукталарын ташуучу каражаттар кыйратылган.  Орусия армиясынын колдоосу менен Сирия күчтөрү 400 калктуу пункттарды жана  10 миңдеген чарчы чакырым аймакты бошотту. Террорго каршы күрөшүүдө таасирдүү  натыйжага жетишти.  

Муну менен катар жоготуулар да болгону айтылат. Ноябрь айынын этегинде орусиянын бомбалоочу учагын Түркиянын  F-16 истребители атып, кыйроого учуратат. Учкучтар тирүү калып, качып кетүүгө аракет кылганы менен аларга карата ок атылып, учкучтун бири Олег Пешков каза болгон.

Мындан улам Анкара орусиянын Су-24 учагы аба мейкиндиги бузган деп айтып чыкты. Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке какса, расмий Кремль муну Орусиянын Сириядагы операциясына ачыктан-ачык бут тосуу деп баалап, эки өлкөнүн мамилеси кескин салкындаган.

Орусиянын Президенти Путиндин айтымында, орус армиясынын натыйжалуу аракеттери Сириядагы тынчтык процесстин башталышына шарт түзгөн. 

Путин: Коргоо министрлигинин жана  Орусиянын Аскер күчтөрүнүн Сирия конфлигинде коюлган милдеттери жалпылап  айтканда аткарылды деп эсептейм. Орус армиясынын жана Орусиянын аскер  күчтөрүнүн катышуусу менен Сирия күчтөрүнүн жана Сириядагы патриоттук күчтөрдүн  эл аралык терроризм менен күрөшүндө абалды жөнгө салуу аракети ишке ашты.   

Сириядан орус армиясынын негизги бөлүгүн чыгарып кетүү боюнча чечим Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан колдоого алынды. Германия болсо орусиянын аба күчтөрүнүн чыгарылышын Сирия конфлигин жөнгө салуудагы алгачкы оң натыйжанын белгиси катары баалайт. Бул тууралуу немистердин тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер белгилеп, буларга токтолот:

Эгерде, Орусиянын аскер күчтөрүн чыгарып кетүү боюнча чечими ишке ашса,  анда президент Асаддын режимине карата басым күчөйт. Акыр аягы Женевада тынчтык  жолу менен бийликти алмаштыруу боюнча сүйлөшүүнү баштоого жол ачылат. Бул  Сириянын мамлекеттик бүтүндүгүн сактоону камсыздоого жана калктын бардык  топторунун кызыкчылыгын сактоого шарт түзөт. Тынчтыктын келиши - бул беш жылдан бери согушкан тараптардын чарчап, акыр аягы бул конфлик  согуштук жол менен чечилбей турганын, ошондуктан бул саясий жол менен гана  чечилиши мүмкүн экенин түшүнгөнүнүн белгиси. 

Орусиянын аскер күчтөрүнүн Сириядан чыгарылышы Россиянын Президенти Владимир Путиндин буйругу менен бүгүндөн тарта жүзөгө ашырыла баштады. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кенеши, АКШ президенти Барак Обама жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Орус мамлекет башчысынын бул чечимин кубаттады.

Бозулан Ысаков, БИРИНЧИ РАДИО