Жаңылыктар
Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жарандар кармалды
Кылмыш
Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жарандар кармалды

Ысык-Көл районунда катамаран менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти. 

Чоң-Сары-Ой айылынан Балыкчы шаарына чейинки арылыкта, узундугу 2500 метр болгон 25 даана мыйзамсыз салынган кытай торлору чечилип, жок кылынды. 

Ал эми Чырпыкты айылынын тургуну катамаран менен мыйзамсыз балык уулап жүргѳн жеринен кармалган. 

Учурда бардык материалдар чогултулуп мыйзам чегинде чара көрүү үчүн сотко жиберилди. Инспекторлордун айтымында, катамаран менен балык уулоо адам ɵмүрүнɵ дагы ɵтɵ кооптуу.