Жаңылыктар
Бишкектин травматология борборуна тайгак жерден жабыркагандар көп кайрылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин травматология борборуна тайгак жерден жабыркагандар көп кайрылууда

Медициналык кеңеш берүү борборунун травматологиялык бөлүмүнө 1нен 5-январга чейин 240 бейтап түшүп, алардын 69у көчөдөн ар кандай жаракаттарды алышкан. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам жолдордо муз тоңуп, көчөдөн тайгаланып жыгылгандардын саны арбыды. Көп адамдар тепкичтерде тоңуп калган кардан жана кабат-кабат муздардан тайгаланып жыгылышкан. 

Борборго кайрылган бейтаптардын көбү денесин көк ала кылып же бир жерин сындырып алгандар. Ал эми борбор калаанын аймагын кардан тазалоо иштери кадимкидей эле жүрүп жатат. Тайгалак жерден сак болуп абайлап баскан киши жыгылып, жаракат алуудан алыс болот. Бир жерин кокустатып, оорутуп алгандар Манас менен Токтогул көчөсү кесилишкен жердеги, күнү-түнү иштеген борбордук травматологиялык борборуна кайрылса болот. Кыргызгидрометтин билдиргенине караганда жакынкы 10 күн ичинде жаан-чачын күтүлбөйт.