Жаңылыктар
Жазгы "тумоо" башталды
Саясат
Жазгы "тумоо" башталды

Оппозициянын 24-мартка белгиленген жыйынына түрмөдөгүлөр да катышат. Бул тууралуу кечээ Жалал-Абаддагы митинг учурунда акцияны уюштурган Бектур Асанов билдирди. Митингде элдин пикири экиге бөлүнүп, айрымдар Асановду качып жүргөн Кадыржан Батыров менен шерик болгонун айтып, айыпташты.

Жалал-Абад шаарындагы митинг мына ушундай көрүнүш менен башталды. Акцияга катышкандардын айрымдары Бектур Асановдун түштүктөгү коогалаңды уюштурду деп айыпталып качып жүргөн Кадыржан Батыров менен ымаласын белгилешти. Бирок, Асанов митинг ийгиликтүү өтүп, өз максатына жеткенин айтат. Анын учурдагы бийликти кетсин деген талабы бар. Жаздын келиши менен жанданган акциялар мындан ары да уланганы турат. Буга чейин 24-мартта Ош шаарына белгиленген жүрүшкө баардык оппозициялык күчтөр катышаары кабарланган. Бектур Асанов ага түрмөдөгүлөр да келип кошулаарын билдирет.

24-мартка даярдык көргөн оппозиция өкүлдөрүнүн айткандары бири-бирине каршы келип отурат. “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров ал күнү Бектур Асанов айткандай “грандиозный митинг” эмес, тынч курултай уюштурулаарын билдирген эле. Буга чейин Оппозициялык күчтөрдүн бирикмеси түзүлүп, партиялык квота менен кызматка дайындоолорду жоюу, талаш жараткан кен байлыктарды иштетүүгө мораторий киргизүү, “Мегаком” компаниясын сатпоо, азык-түлүккө баалардын өсүшүн ооздуктоо өңдүү бийликке бир катар талаптар коюлган. Саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков башкаруу чөйрөсүнө канчалык сындар айтылганы менен абалды ыңкылаптагыдай мүнөздөө туура эмес экенин белгилейт.

Жазында  Кыргызстанда пикет-митингдер өтсө, бир жагынан айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жанданат. Өткөн аптадагы ишембилик учурунда президент Алмазбек Атамбаев азыркы оппозиция тууралуу пикирин айткан эле.

Кеңири масштабда болбосо да митингдердин азыр жанданып жатканы бекеринен эмес. 27-мартта өлкөнүн бир катар аймактарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Оппозициянын курултайы да аны утурлап уюштурулганы турат. Айрым талдоочулардын баамында мындай кадам добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берүү үчүн жасалууда. Көтөрүлгөн социалдык көйгөйлөрдүн артында чукул арада саясий упай топтоо максаты турат.

Калыгул Асамбаев БИРИНЧИ РАДИО