Жаңылыктар
Келемишке болгон кенебес мамиле
Кыргызстан жаңылыктары
Келемишке болгон кенебес мамиле

Жыл жаңыргандан бери социалдык тармактарда талкууга алынып жаткан таттуу токоч сатуучу жай жабылды. Мурдагы көрсөтүүлөрүбүздөн кабарлагандай, түрк шириндиктерин даярдап чыгаруучу жайдагы абал тууралуу тиешелүү тараптар тезинен чара көрүшкөн эмес. Качан гана коомдук биринчи канал токочторду аралаган келемиштер тууралуу сын материал даярдап эфирден кетиргенден кийин гана чара көрүлүп баштаган. Социалдык тармактардагы адамдардын үрөйүн учурган видео жыл жаңыраар менен эле кызуу талкууга алынып баштаган. 

Анда текчелерде коюлган татууларды келемиш ээн-жайкын аралап жүргөн учур көрсөтүлөт. Биздин чыгармачыл топ 4-январь күнү барып окуянын чоо-жайын иликтеген учурда, татууларды саткан жай Павлов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашканы белгилүү болду. “Мир сладости” деп аталган жайда түрк шириндиктери сатылып гана тим болбостон, дал ушул жайдын ичинен даярдалчу экен. Эң кызыгы мунун баарын көзөмөлдөөчү орган негедир баардыгы кабардар болгон бул окуяга коомдук биринчи каналдын журналистери телефон аркылуу байланышканда гана араң маани берип баштаганында. 4-январда камерага сүйлөп берүүдөн баш тартып жаткан Бишкек шаардык санэпидемстанция кызматы окуя болгондон 3 күн өткөндөн кийин гана таттуу сатуучу жайды жапкандыгын маалымдады. Алар жагдайды экономика министрлигинен уруксат жок болуп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Бирок экономика министрлиги - адам өмүрүнө кооптуу абал болгон учурда, саниэпид кызматы эч кандай уруксатсыз эле баардыгын текшере алаарын маалымдады. 

Себеби келемиштер жугуштуу оорулардын козгогучтарын алып жүргөндүктөн, адам өмүрүнө оңой эмес коркунуч жаратат. Санитардык кызмат ойлонуп, баш-аягын жыйганча, келемиш аралаган жай эч нерсе болбогондой иштеп турду. Кудай өзү сактасын бирок эмне бар эмне жок деп чара көрүп, эрте аракет кылышса коомчулук да ыраазы болуп калат эле. Башкача айтканда өз милдетин кечикпей так аткарса жакшы болмок. Түрк шириндиктерин келемиштер аралап жүргөн жагдай Кыргызстанда биринчи ирет катталып жаткан жок. Былтыр март айында дагы Ош шаарындагы Масалиев көчөсү менен Монуев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Смит Сарайы» аталыштагы түрк шириндиктерин жасаган кондитердик фирманын азыктарын келемиштер аралап жүргөн учур социалдык тармактарды дүң кылган.