Жаңылыктар
Айгелди Эминованын Эл аралык мелдештеги жетишкендиктери
Билим
Айгелди Эминованын Эл аралык мелдештеги жетишкендиктери

Оштогу мектептердин биринде билим алып жаткан, 11-класстын окуучусу Айгелди Эминова Эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи. Москва шаарында өткөн "орус тилинин баалуулуктары" сынагына Беларусь, Сингапур, Австралия сыяктуу 18 мамлекеттеги орус тилдүү мектеп окуучулары катышкан. Кыргыз кызы Айгелди орус тилин мыкты деңгээлде билээрин гана көрсөтпөстөн, кыргыздын сыймыгы болгон "Манас" эпосун да чет элдиктерге таанытканга жетишкен.

Сүрөт, азем белек, мактоо баракчаларына бир столдун бети толот. Мунун баары -11-класстын окуучусу Айгелди Эминованын Эл аралык мелдештеги жетишкендиктери. Орус тили боюнча өткөрүлгөн мелдешке 18 мамлекеттен 30 мектеп окуучусу катышкан. Айгелди биринчи орунду багынкан. Сынакка катышкан орус тилдүү катышуучулардын арасында Айгельди гана кыргыз улутунда болгон. Карапайым кыргыз кызы орус тилин гана мыкты өздөштүрбөстөн, өз эне тилинде да калыстар тобун таң калтыра алган. 

“Манас” эпосунан айтылган үзүндү чет элдиктердин Кыргызстанга болгон кызыгуусун жараткан. Айгельди, билимин дагы да байытуунун аракетинде. Кышкы эс алуусу кезектеги олимпиадага даярдануу менен коштолууда. Дегеле Ошто келечектен көптү үмүттөндүргөн балдар арбын. Дегенибиздин себеби, эл апалык сынактарда ийгиликти имергендер четтен чыгат. 8- январдан тартып, Оштогу мектеп окуучулары арасында шаардык олимпиада башталат. Ага калаадагы 60тан ашуун орто мектептеги 9,10, 11-класстардын окуучулары катыша алат.