Жаңылыктар
"Жылдын мыкты жол сакчысы" аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
"Жылдын мыкты жол сакчысы" аныкталды

Мына ушундай наамга Нарын облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Болот Жунушбаев татыды. "Кыргыз Туусу" гезити 2017-жылдын мыкты кызматкерлерин аныктаган учурда көп адамдар татыктуу талапкер катары дал ушул Болот Жунушбаевди көрсөтүшкөн.

Иштин көзүн таба билип, өз милдетин берилүү менен аткарган Болот Жунушбаевдин жумушу таң эрте ушундай ашуулардын абалынан кабар алуу менен башталат. Анткени ал жердеги жолдун коопсуздугу толугу менен Болот мырзага жүктөлгөн. Нарындагы коркунучтуу жолдорго белгилерди коюу ишин бул инспекторсуз элестетүү кыйын. 

Ошол себептен, жол сакчынын алдыга койгон бир гана максаты жана тилеги бар. Ал сапарга чыккан жүргүнчүлөр аман-эсен көздөгөн жерине жетип алса дейт. 14 жылдан бери бул тармакта эмгектенген Болот Жунушбаевдин жигердүү эмгегинин акыбети кайтып, жылдын мыкты жол сакчысы наамына татып отурат. Күнү-түнү жаны тынбай, кызмат үстүндө жүргөн жол сакчынын эми жумушка болгон ынтызарлыгы күчөп, элине ак кызмат кылууга ар дайым даяр.