Жаңылыктар
Мектеп окуучулары кышкы эс алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп окуучулары кышкы эс алууда

Бул учурда ата-энелер балдардын пайдалуу иштер менен алек болуусун каалайт. Борбор калаадагы бир катар жайлар оюн-зоокторду уюштурууда. Бирок ага катышуу үчүн акча төлөөгө туура келет. Балага кубаныч тартуулоочу иш-чаралардын акысы 100 сомдон 3 миң сомго чейин болууда. Баланын искусствого болгон кызыгуусун арттыруу үчүн кышкы эс алуу учуру ыңгайлуу. Петр Чайковскийдин “Щелкунчик” балетине эл аралык сыйлыктардын ээси, хореограф Максат Сыдыков көрк берет.

Бул чыгарма декабрь айынын башынан бери коюлууда. 3D форматындагы көрсөтүүнү уюштуруу үчүн Лондондон графикалык дизайнер чакырылган. Спектаклди 14-январга чейин көрүүгө болот. Жаныбарларды сүйгөн бөбөктөргө кыргыз циркинин эшиги ачык. Орусиядан келген өнөрпоздор менен жаныбарлар кичинекей көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрөт. Билет баасы 400дөн 900 сомго чейин сатылууда. Бул оюн-зооктор окуучулардын кышкы эс алуусу аяктаганга чейин коюлат. Ал эми Спорт сарайында бөбөктөрдүн көңүлүн көпөлөктөр бурду. Алар Филиппин, Малайзия жана Мадагаскарды мекендейт.

Көпөлөктөрдүн 3 күндүк гана өмүрү бар. Эс алууну көңүлдүү өткөрүү үчүн тандоо кеңири. Бирок интернетке сайылып, китеп окууну унутуп койгон да болбойт. Аны сатып алууну каалаган кичинекей окурмандар майрамдан кийин көбөйүүдө. Спортко ынак балага хоккей өзгөчө рахат тартуулайт. Ал эми жөн гана жылгаяк тебүүнү каалагандарга муз аянтчалары эс алууга шарт түзөт. Бишкектин кичинекей тургундарынын кызыгуусун арттырган жайлар арбын.