Жаңылыктар
Кытайда "Манас" операсы экинчи жолу коюлду
Маданият
Кытайда  "Манас" операсы экинчи жолу коюлду

Кытайда айтылуу манасчы Жусуп Мамайдын варианты менен жазылган "Манас" эпосунун негизинде кытай тилинде экинчи ирет опера коюлду. 

Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдирди. Опера Кытайдын Маданият министрлиги жана Опера институтунун колдоосу менен 4-5-январь күндөрү эл назарына тартууланды. 

Анда эпостун Манас жана Семетей бөлүктөрү камтылды. Сценарийди Кытайдагы белгилүү сценарист Ван Сяолин даярдаган. Спектаклге даярданууга жалпысынан эки жыл сарпталып, ага Кытай мамлекеттик театрынын 100дөн ашуун артисттери катышты. Эске салсак, кытай тилиндеги "Манас" операсы биринчи жолу 2017-жылдын 30-сентябрында Пекин шаарында коюлган.