Жаңылыктар
Т.Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Бангладештеги эл аралык кинофестивалда ат салышат
Маданият
Т.Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Бангладештеги эл аралык кинофестивалда ат салышат

Белгилүү режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Бангладеште өтө турган Дакка эл аралык кинофестивалында ат салышат. 

Кинематографияны колдоо фондусу билдиргенине караганда фестивалга кыргыз тасмасы менен катар Түркия, Афганистан жана Индия өлкөлөрүнүн тасмалары да катышат. 

Иш-чара 12-20-январь күндөрү Дакка шаарында өтөт. Эске салсак, "Түнкү кырсык" тасмасы Таллин шаарында өткөн эл аралык "Темные ночи" кинофестивалында баш байгеге татып, 10 миң евро сыйлык алган. 

Фильмде жалгыз бой, учурда сүйүүнү башынан өткөрүп жаткан карыя тууралуу баяндалат. Ал кызга ашык болуп калат. Тасманын жүрүшү дал ушул сезимди ачып берүүгө арналган.