Жаңылыктар
Түрксой уюму 2018-жылды Ч.Айтматов жылы деп жарыялады
Маданият
Түрксой уюму 2018-жылды Ч.Айтматов жылы деп жарыялады

Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙ 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялады. Кыргыз элинин жана дүйнө жүзүнүн залкар жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Төрөкулович тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. 

Быйыл Айтматов жылынын алкагында, Түрксой уюмуна мүчө өлкөлөрдө жана Кыргызстандын өзүндө улуу жазуучу эскерилип, анын чыгармаларына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлмөкчү.


Илимпоздор Чыңгыз Айтматов өз чыгармалары менен бир гана түрк тилдүү өлкөлөрдө эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө адамзат үчүн өрнөк боло турган таалим тарбия берип кеткенин белгилешет. Анын “Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу” деген учкул сөзү да дүйнөгө тарап, терең маанини камтыган кеп канча адамдын жашоо турмушуна таасир этти экен.

Түрк маданиятынын эл аралык уюму өзүнүн 35-жыйынында 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялаган. Түрксойго Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Туркия кирет.

Түрк тилдүү мамлекеттеринен сырткары Орусия, Беларусь, Украина сыяктуу бир катар мамекеттерде Айтматов жылына карата иш чаралар өтөт. Көчөлөргө, мамлекеттик маанидеги имараттарга жазуучунун ысымы берилип, эстеликтер тургузулмакчы.