Жаңылыктар
Мыйзамсыз жол менен күйүүчү май ташуу күч алдыбы?
Кылмыш
Мыйзамсыз жол менен күйүүчү май ташуу күч алдыбы?

Кыргызстан    ЕАЭБ дин   курамына   киргенден  бери мыйзамсыз жол менен күйүүчү майлоочу май ташуу күч алганын көпчүлүк  коалициянын  жыйынында   эл  өкүлдөрү  белгилешти.  Маалыматтарга  таянсак,  күйүүчү майды   мыйзамсыз ташып кирүүдөн өлкө бюджетине 3 млрд сомго чейин киреше түшпөй   калууда.    Муну  менен  катар  салыктан  качып,  көлөмүн  азайтып   ун  азыктарын  ташыгандардын  саны  да  өскөн. Андыктан  мамлекеттик  чек ара өткөрмө пункттарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп,  аткезчиликке    каршы тезинен кескин чараларды көрүү  керектиги   белгиленди.   Өкмөт   болсо   бул  багытта  чечкиндүү  кадамдар  жасалып,  натыйжасыз  иш  алып  барган  тиешелүү  структуранын  жетекчилеринин  жоопкерчилиги  каралаарын  айтууда.   

Кыргызстан  ЕАЭБдин  курамына  кирип,  чек аралар  ачылгандан  бери  сырттан  ташылып  келген    күйүүчү  жана майлоочумайдын  көлөмү  40 миң  тоннага  азайган. Бул 480  млн  сомго  барабар.  Аткезчилик   жол  менен  товар  ташып  , мыйзамды  сыйлабаган  ишкерлерге  карата  иш  чаралар  күчөтүлөлөрүн    өкмөт  башчы  Темир  Сариев   белгиледи.

Кыргызстандын чек арасындагы өткөрүү жайларында аткезчилик менен  жашыруун     алектенип  жаткан  көрүнүштөр   буга чейин  болуп  келгендигин,  өзгөчө  күйүүчү  майлоочу  май,  ун  азыктарын  ташуу   кеңири  орун  алып  жаткандыгын  эл өкүлү  Искак  Пирматов    буга  чейин   парламент  жыйынында  билдирген  эле.

 Коңшу өлкөдөн арзан баада алынып, салык төлөбөгөн көмүскө атаандаштыктан таза иштеген ишкерлер жабыркап  жаткандыгы  буга  чейин  арбын  айтылып  келди. Казакстандан каттоосуз кирген күйүүчү май жана ун сыяктуу азык-түлүк   товарлары,  курулуш  материалдарынан      бюджетке     ири  киреше  түшпөй  калуу  коркунучу  бар  экенин   белгилешет .   Мамлекеттик салык кызматынын  төрагасы  Замирбек  Осмонов    товарларды чек арадан көмүскө алып өткөн же анын өлчөмүн азайтып көрсөткөн көрүнүштөр көбөйгөнүн  айтат.

Талдоочулардын  белгилегенине  караганда  өлкө  бюджети  аткезчиликтин  айынан  чоң  чыгашага  учурайт.  Мындан  улам,  кылдат  көзөмөлдүк  жүргүзүлуш  керектигин  жана  жоопкерчиликти  жогорулатуу   зарылдыгын  белгилешет.

Майраш Базлакунова, БИРИНЧИ РАДИО