Жаңылыктар
С.Жээнбеков өлкө жарандарын Рождество майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков өлкө жарандарын Рождество майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков православие динин туткан кыргызстандык жарандарды Рождество майрамы менен куттуктады. "Эки миң жылдан ашуун мезгилден бери бул майрам адамдарга аруулук тартуулап, жаркын сезимдерге бөлөп, мээримдүүлүктүн жана сүйүүнүн, ырайымдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн баалуулуктарына сугарып, жүрөктөргө үмүт шооласын чачып келет. Ал баарыбызды асыл ойлорго жана кайрымдуу иштерге, адамды сүйүүгө жана урматтоого чакырат. 

Рождество майрамы элибиздин биримдигин чыӊдап, өлкөдөгү ар кандай конфессиялар ортосундагы ынтымакты, сабырдуулукту сактоого зор салым кошот. 

Туткан динине жана этносуна карабастан, кыргызстандыктар бардык чоң майрамдарда жана маанилүү окуялар учурунда бири-бири менен тилектештик сезимин билдирип, кубанычтарын тең бөлүшөт," - деп айтылат куттуктоодо. 

Мамлекет башчы ошондой эле кыргызстандыктарга чың ден соолук, бакубатчылык жана зор бакыт каалап, жаңы 2018-жыл Кыргызстан элине ынтымакты жана гүлдөп-өнүгүүнү алып келсин! - деди.