Жаңылыктар
Вице-премьер-министр кызматына С.Муканбетовдун талапкерлиги каралат
Саясат
Вице-премьер-министр кызматына С.Муканбетовдун талапкерлиги каралат

Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр кызматына Муканбетов Санжар Турдукожоевичтин талапкерлигин сунуштады. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук маселелери боюнча комитетинин 9-январдагы отурумунда каралат.

Вице-премьер-министрдин кызматы Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалгандан бери бош турат.

Ал эми, С.Муканбетов учурда Финансы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп эмгектенип жатат.