Жаңылыктар
Бостеридеги "Осьминог" рестораны күйүп кетти
Кырсык
Бостеридеги "Осьминог" рестораны күйүп кетти

Жекшемби күнү, 7-январда Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан "Осьминог" рестораны белгисиз себептерден улам күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен караоке бар толугу менен күйүп, жанында жакын турган эки эс алуу үйү дагы каттуу жабыркаган. 

Өрттү таңкы саат 4,45те гана бул жайдын кароолчусу байкап калып, өрт өчүргүчтөрдү чакырган. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин билдирүүсүндө өрт түнкү саат үчтөрдө эле башталган. 

Бул боюнча коңшу эс алуу үйлөрүнүн видеобайкоосу тастыктайт. Осьминог караоке бары Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын тургуну Асанкадыр Иноят деген жаранга таандык. 

Караоке бар толугу менен жыгачтан салынган болчу дешет. Ал эми жабыркаган коңшу эки эс алуу үйү Бостери айылынын тургундарына таандык. 

Азыркы тапта өрттүн келип чыккан себептерин аныктоо максатында соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул факты боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иш козголду.